• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто кичинекей эки кызын таштап кеткен аял изделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 30.01.19 /Кабар/. Ош шаарында кичинекей эки кызын таштап кеткен аял изделүүдө. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.

Маалыматка ылайык, Өзгөн көчөсүнүн № үйүндөгү бир бөлмөнү келин (аты-жөнү белгисиз) эки жаш кызы менен убактылуу жашап туруу үчүн (квартирант катары) алган.

Эртеси күнү ал аял эрте менен жумушка кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Эки күндөн кийин бир жолу телефон аркылуу байланышка чыгып, үй ээсине балдарын карап турууну суранып, жакында бараарын айткан. Бирок ошондон бери 10 күн өтүп, балдардын апасы тууралуу маалымат жок.

Ал аялдын аты-жөнүн, дарегин сурап калууга үлгүрбөгөн үйдүн ээси бул аралыкта балдарга тамак-ашын берип, асырап турган.

Жаш кыздардын улуусунун айтуусуна караганда, аты Мадина, 4 жашта. Ал эми кенжесинин аты Бубина. Апасынын аты – Хаитхон.

Милиция кызматкерлери жаш балдарды Ош шаарынын балдар үйүнѳ өткөрүп беришти.

Сүрөттө: апасы калтырылып кеткен жаш кыздар.

Пикир

Оставить комментарий