• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто эки жаш баласын таштап, дайынсыз болуп жаткан эне табылды

Аймак 0

Бишкек, 01.02.19 /Кабар/. Ош шаарында кыздарын батирге таштап, өзү дайынсыз болуп жаткан аял бүгүн түштөн кийин шаардык социалдык коргоо башкармалыгына келди. Бул тууралуу шаардык милиция кызматы кабарлады.

31 жаштагы аял аман-эсен экенин билдирип, Кара-Сууда ашпоздук менен алектенип жүргѳнүн билдирди.

Ошондой эле, ал балдарын үй-ээсине карап туруңуз деп кеткенине 10 эмес беш күндөй эле болду, деп билдирген.

Эске салсак, Оштогу үйлөрдүн биринде бир бөлмөнү келин эки жаш кызы менен убактылуу жашап туруу үчүн (квартирант катары) алган.

Эртеси күнү ал аял эрте менен жумушка кеткен боюнча кайтып келген эмес. Эки күндөн кийин бир жолу телефон аркылуу байланышка чыгып, үй ээсине балдарын карап турууну суранып, жакында бараарын айткан. Бирок ошондон бери 10 күн өтүп, балдардын апасы тууралуу маалымат жок, деп кабарлаган шаардык милиция.

Ал аялдын аты-жөнүн, дарегин сурап калууга үлгүрбөгөн үйдүн ээси бул аралыкта балдарга тамак-ашын берип, асырап турган.

Жаш кыздардын улуусунун айтуусуна караганда, аты Мадина, 4 жашта. Ал эми кенжесинин аты Бубина.

Энеси табылганча, милиция кызматкерлери жаш балдарды Ош шаарынын балдар үйүнѳ өткөрүп берген.

Пикир

Оставить комментарий