• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында ӨКМдин кызматкерин атып кетишти

Кырсык 0

Бишкек, 26.12.19. /Кабар/. Ош шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы "Сел жана суу ташкындарынан коргоо" агенттигинин жетекчиси Сапар Бакыевдин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-декабрда шаардык милиция кызматына ооруканадан октон жаракат алып Озгур айылынын 35 жаштагы Сапар Бакыев келип түшкөндүгү тууралуу маалымат келген.

Сөөктү текшерүүдө Сапар Бакыевдин желкесине ок аткандыгы аныкталган. Каза болгон адамдын үйүндө гильза табылган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө башталды.

Сапар Бакыевдин артында эки баласы калды.

Пикир

Оставить комментарий