• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ошто коменданттык саат учурунда көчөдө жүргөн 10 жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 11.04.20. /Кабар/. Ошто коменданттык саат учурунда көчөдө жүргөн 10 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, 25-марттан бери 331 жаран коменданттык саатты бузган.

"Коомдук-саясий абал туруктуу. Кармалган жарандар райондук ички иштер башкармалыгына жана комендатурага алынып келинип, протокол түзүлдү. Өзгөчө абал киргенден бери 331 жаран коменданттык саатты бузган жана 44 автоунаа токтотулган", - дейт комендант.

11-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 339га жетти. Алардын ичинен 51и дарыгер. Коронавирустан 44 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий