• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто коменданттык саатта мас абалында унаа башкарган 2 жаран кармалып, 20,5 миң сомдон айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Ошто коменданттык саат учурунда көчөдө жүргөн 10 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Ал маалымдагандай, коменданттык саатты бузгандарга протоколдор түзүлүп, айып пул салынган. "Ошто мас абалында унаа башкарып бара жаткан 2 жаранга 3 миң сомдон жана 17 500 сомдон айып пул салынды. Учурда коомдук саясий абал туруктуу, комендатуранын көзөмөлүндө", - дейт Нурдинов.

Белгилей кетсек, 8-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 270ге жетти.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий