• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто коменданттык саатты бузган 10 жаран кармалып, айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Ошто коменданттык саат учурунда көчөдө жүргөн 10 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, учурда коомдук-саясий абал туруктуу. "Түндө коменданттык саатты бузгандар райондук ички иштер башкармалыгына жана комендатурага алынып келинген. Алардын баарына 3 миң сом өлчөмүндөгү айып салынды. Ошондой эле түндө 2 мас айдоочу кармалып, аларга комендаттык саатты бузгандыгы үчүн 3 миң сом жана мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн 17 миң сом айып салынды", - дейт ал.

7-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 228ге жетти. Алардын ичинен илдеттен 23 адам айыкты жана коронавирус жуктуруп алган 4 жаран каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий