• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто коменданттык саатты бузган 12 адам кармалды. Алардын үчөө мас абалында унаа айдап жүргөн – комендант

Аймак 0

Бишкек, 05.04.20. /Кабар/. Ош шаары жана Кара-Суу, Ноокат райондорунда коменданттык саатты бузган 12 адам кармалды. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, кармалгандардын ичинде мас абалында унаа айдаган 3 айдоочу болгон.

"Мас абалында унаа башкарган жарандардын унаасы айып аянтчасына коюлду", - деди Нурдинов.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 5-апрелге карата коронавирус жуктурган 3 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 147ге жетти. Алардын ичинен 9 адам коронавирустан айыкты. Коронавирус жуктурган 1 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий