• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто коменданттык саатты бузган 6 жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Ошто түндө коменданттык саатты бузган 6 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, учурда түштүк аймактагы коомдук-саясий абал туруктуу.

"Коменданттык сааттын шартын бузган 6 жаран райондук ички иштер башкармалыгына жана комендатурага алынып келинип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 10-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 298ге жетти. Алардын ичинен 39у дарыгер. Коронавирустан 39 жаран айыкса, ооруну жугузуп алган 5 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий