• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто коменданттык саатты бузган 7 жаран кармалды – комендант

Аймак 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Ош шаары жана Кара-Суу, Ноокат райондорунда коменданттык саатты бузган 7 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, кармалган жарандын ар бирине 3 миң сомдон айып салынган.

"Учурда коомдук-саясий абал туруктуу жана комендатуранын көзөмөлүндө. Коменданттык саатты бузган 7 жаран райондук ички иштер башкармалыгына жана комендатурага алынып келип, протокол түзүлөн. Алардын ар бирине 3 миң сомдон айып салынды", - деди ал.

Коронавирустан 30 жаран айыкса, ооруну жугузуп алган 4 адам каза болду. Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий