• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто коменданттык саатты бузган 9 жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. Ошто коменданттык саатты бузган 9 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун комендатурасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коменданттык саатты бузган жарандар райондук ички иштер бөлүмдөрүнө жана комендатурага алынып келинип, түшүндүрүү иштери жүгүзүлгөн.

"Түндө бир адам мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн кармалып, 17,5 миң айып пул салынды. Анын унаасы айып короого киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий