• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто коменданттык саатты бузган 9 жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Ош облусунда өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо коменданттык саатты бузган 9 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Ал, күндөн күнгө тартипти бузгандардын саны азайып жатканын билдирди.

"Жалпысынан коомдук-саясий абал туруктуу. Элди коменданттык саатта үйдө отурууга чакырам", - дейт ал.

Эскерте кетсек, Бишкекте коменданттык саатты бузган 137 жаран кармалган.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 94кө жетет. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда үч адам коронавирустан айыгып чыккан.

Пикир

Оставить комментарий