• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто коммуналдык чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 17.03.18. /Кабар/. Кечээ, 16-мартта Ош шаарында коммуналдык чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип, сыйлоо аземи болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Бактыбек Каналиев, мекеме ишканалардын жетекчилери, коммуналдык чарба кызматкерлери катышты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев тарыхый мааниге ээ болгон шаарды гүлдөгөн, кооз, таза шаарга айландырууда коммуналдык кызматкерлердин салымы чоң экендигин айтып, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жогорулашына талыкпай эмгектенип жаткандыгын кошумчалады.

“Шаардын калкын таза суу, жылуулук менен камсыз кылууда, анын тазалыгын сактоодо майрам, дем алыш күн дебестен түн уйкудан кечип, бейпил турмушту камсыз кылуудагы эмгегиңиздер өзгөчө. “Ош-Тазалык” атайын адистештирилген ишканасы шаардын тазалыгына кам көрүп, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты шаардын кооздугун карап акыркы жылы 50 долбоорду ишке ашырып олтурат. Ал эми берилип жаткан жылуулук энергиясынын сапатын көтөрүү максатында акыркы эки жылдын ичинде 26 эски отказандын ордуна жаңы заманбап 17 модулдук отканаларга алмаштырылып кыштан жылуу чыктык. Ошондой эле, шаарыбызда жарыктандыруу багытында да алгылыктуу иш жүрүп жатат. Ушул жетишкендиктердин баарын сиздер аркылуу, талыкпаган эмгегиңиздер аркылуу ишке ашууда”, -деди А.Кадырбаев.

Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон барандуу салымы, калкка коммуналдык жактан сапаттуу кызмат көрсөтүүдөгү жетишкендиктери жана ак ниет эмгеги үчүн коммуналдык чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата “Ош шаар суу канал”, “Ош тазалык”, “Шаар свет”, “Жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканаларынын, Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинаты жана Ош шаардык турак-жай коммуналдык башкармалыгынын бир топ кызматкерлери Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары менен сыйланды.

Мындан тышкары Ош “Жылуулук камсыздоо” ишканасына “2017-жылдын үлгүлүү муниципалдык ишканасы” номинациясы тапшырылып, акчалай сыйлык берилди.

Пикир

Оставить комментарий