• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто коммуналдык кызматтар бир нече күн күчөтүлгөн режимде иштейт

Аймак 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 20-апрелде, Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев “Ош-Тазалык”, “Ошсууканал” ишканаларынын жана Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан аба ырайы тууралуу жарыяланган эскертүүгө байланыштуу инженердик тармактардын күчөтүлгөн режимин уюштуруу маселеси каралды.

Тактап айтканда, жумушчу бригадалардын күнү-түнү нөөмөт иштерин уюштуруу, ошондой эле канал тармактарынын, ирригациялык системалардын тазалыгын, суу түтүктөрүнүн абалын көзөмөлдөө боюнча атайын тапшырма берилди.

Аба ырайынын начарлашы жарыяланганына байланыштуу жарандардын кайрылууларына өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий