• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто компютердик клубдарга барган өспүрүмдөргө карата текшерүү күчөтүлөт

Коом 0

Бишкек, 27.04.18. /Кабар/. Ошто компютердик клубдарга барган өспүрүмдөргө карата текшерүү күчөтүлөт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын кезектеги жыйынында талкуу болду. Жыйынга Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч түзүмдөрү, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери келип катышты.

Күн тартибинде жалпысынан төрт маселе каралган.

Талкуунун алкагында шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Ош ШИИБне ММК аркылуу жана коомчулуктун арасында каржы пирамидасы тууралуу, өспүрүмдөрдү арасындагы кылымыштуулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү механизмин иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Ошондой эле, тийиштүү кызматтар менен комиссиялык топ түзүлүп, компютердик клубдардын ишмердүүлүгүн жана ага тартылган өспүрүмдөрдү текшерүү керектигин кошумчалап, жалпы коомчулуктун жардамы менен ишке аша тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий