• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо маселелери талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 12-январда, Ош шаарынын мэриясында укук коргоо органдарынын жетекчилеринин, мамлекеттик мекемелердин жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчыларынын катышуусунда жыйын өттү. Анда коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу, жарандардын күнүмдүк турмуштагы маселерин чечүү көйгөйлөрү көтөрүлдү.

Жыйында шаардын калкына кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, жашоочулардын суроо-талаптарына жеткиликтүү көңүл бурууга басым жасалды. Азык-түлүккө болгон базар бааларын көзөмөлдөө, соода жайларында, базарларда салык мыйзамдарынын сакталышын камсыздоо жагы да айтылды.

Жыйындын катышуучулары Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалына байланыштуу пикир алмашты. Соңунда шаар башчы бул маселелер боюнча биргеликте аракеттенүүнү күчөтүү, мыйзам талаптарын сактоо зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий