• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто коомдук транспортко төлөм электрондук карта аркылуу жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 25.02.19 /Кабар/. Бүгүн, 25-февралдан тарта Ош шаарында троллейбус жана автобустарга жол акы электрондук карта аркылуу жүргүзүлүп баштады. Бул тууралуу “Ынтымак” телеканалы кабарлайт.

Алгач электрондук карта менен төлөө ыкмасы 1-каттамдагы троллейбустарга киргизилди. Ал эми калган каттамдарда үч күндөн кийин толугу менен ишке кирет.

Картанын баасы 100 сом болуп, ичинде 36 сом акчасы бар.

"Учурда бул боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат, – деди Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Азамат Абсатаров. – Карталарды Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин кеңсесинен, Ош МУ, Ош ТУдан жана айдоочулардын өздөрүнөн алса болот. Электрондук төлөмдүн киргени айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө өтө ыңгайлуу болот. Анткени убакытты үнөмдөөгө шарт түзөт".

Ал эми калаа тургундары электрондук картанын артыкчылыктарын белгилешүүдө.

Белгилей кетсек, учурда коомдук транспорттун баасы троллейбуста 6 сом, ал эми автобуста 8 сом.

Пикир

Оставить комментарий