• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто коомдук транспортто жол кире акысын алдын ала төлөө системасын жайылтуу пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 21.07.22. /Кабар/. Ош шаарына жаңы автобустардын келиши күтүлүп жатканына байланыштуу Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду менен түзүлгөн келишимдин алкагында Ош шаарында коомдук транспортто жол кирени алдын ала төлөн системасын жайылтуу пландалууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мындан сырткары, Бишкек жана башка ири шаарлардагыдай эле маршруттук кичи автобустарда алдын ала төлөө тажрыйбасын киргизүү пландалууда.

Негизги милдет – накталай эмес эсептешүү практикасын өнүктүрүү жана жарандарга жол кире акысын алдын ала төлөөнү жайылтуу. Бул жүргүнчүлөргө да, айдоочуларга да ыңгайлуу болот.

Жаңы автобустар SB-8210 маркасындагы жол кире төлөмдөрүн накталай эмес кабыл алуу үчүн заманбап кассалык аппараттар менен жабдылат.

Пикир

Оставить комментарий