• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто коомдук транспорттордогу жүргүнчүлөргө жана айдоочуларга түшүндүрүү иштери күчөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. Ош шаарында коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана нормаларды сактоо боюнча рейддик иш-чаралар күчөтүлдү. Иш-чаралардын жүрүшүндө мобилдик топтор айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн, автобустардын, троллейбустардын жана кичи автобустун керектүү санитардык-гигиеналык эрежелерди сакташын текшеришет. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейддик иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, шаардык мэриянын аппаратынын кызматкерлери, жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин, Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасынын жетекчилери жана адистери, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери катышууда.

“Шаарда көзөмөл күчөтүлөт. Коомдук транспортторго түшкөндө жүргүнчүлөрдөн суранабыз, беткап тагынып, аралыкты сактайлы. Ал эми айдоочулардын кетирген катасына түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Эгерде талаптар өз убагында аткарылбаса анда жумуштан четтетүүгө да барабыз. Карантиндик эрежени сактап, жугуштуу илдеттин алдын алалы”, - деди Топчубаев.

Коомдук транспорттун айдоочуларынын ичинен санитардык нормаларды бузгандарга мыйзамдарга ылайык катуу административдик чаралар көрүлөт.

Бир күн мурун, шаардын борбордук көчөлөрүндө жүргүзүлгөн рейд учурунда, тиешелүү протоколдор түзүлүп, 28 кичи автобустун айдоочуларына административдик чаралар көрүлдү.

Рейддик иш-чаралар улантылат. Бул иш-чаралардын негизги максаты - жарандардын ден-соолугун сактоо үчүн санитардык-гигиеналык нормаларды сактоого чакыруу.

Пикир

Оставить комментарий