• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто коомдук унаалардын айдоочуларына коопсуздукту камсыздоо боюнча түшүндүрүү иштер жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 03.05.21. /Кабар/. Ош шаарында жүргүнчүлөрдү ташуучу автобус жана троллейбустардын айдоочуларына экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыздоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мамэкотехинспекциясынан билдиришкендей, Ош шаардык №3 жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык автоунаа ишканасына коопсуздук жаатында жыйын уюштурулду.

Ага Мамэкотехинспекциянын инспекторлору, тиешелүү тараптар жана аталган ишкананын жетекчилиги катышты. Жыйында коопсуздукту камсыздоо жаатында маселелер көтөрүлүп, унааларда техникалык кемчиликтерди болтурбоо, бузууларга карата мыйзам чегинде көрүлүүчү чаралар туурасында суроолорго жооп берилди.

Ошондой эле жүргүнчү ташуучу мекеменин жетекчилигине жарандардын экологиялык жана техникалык коопсуздугун камсыздоо иштерине өзгөчө көңүл буруу керектиги тарабынан эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий