• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто тамактануучу жайлардын иштөө убактысы узартылды

Аймак 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Ошто коомдук жайлардын ишмердүүлүгүнө бир катар өзгөрүүлөр киргизилди. Ага ылайык, эми тамактануучу жайлар саат 00:00 чейин иштей алышат. Тиешелүү чечим облустук штабдын отурумунда кабыл алынган.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, сейил бак ​​жана аянтчаларга азырынча уруксат берилбейт.

Аталган жайларда бардык санитардык-гигиеналык ченемдерди жана эрежелерди так сактоо талап кылынат. Эскерте кетсек, буга чейин тамактануучу жайлар жана соода түйүндөр саат 22:00гө чейин иштеп келишкен.

Ошондой эле санитардык-карантиндик эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө менен коомдук жайларда коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо максатында, Навои жана Токтогул атындагы сейил бактар жана башка парктар, аянтчалардын ишмердүүлүгүнө уруксат берилбейт.

Ошону менен бирге аталган жайларда ар кандай аттракциондордун (балдар поезддери, велосипеддер ж.б.) иштешине тыюу салынат.

Пикир

Оставить комментарий