• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто «Коопсуз шаар – 2» долбоорунун алкагында 35 кесилишке камера орнотулат

Аймак 0

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. Ош шаарына «Коопсуз шаар – 2» долбоорунун алкагында 35 кесилишке камералар орнотулат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма с кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 10 кесилиште монтаждоо иштери аяктаган.

«Шамшиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилиштериндеги жолдорду калыбына келтирүү иштери жүрдү. Ал эми калган казылган жерлер жакын арада бүтүп, кийинки көчөлөргө камера орнотуу, чубалгыларды мантаждоо иштери башталат», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жолдорду калыбына келтирүү иштери жол кыймылына тоскоолдук жаратпоо максатында түнкүсүн жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий