• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто "коргоо жерлери" категориясына кирген жер тилкеси жеке менчикке берилип кеткен. Иш козголду

Аймак 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Ошто "коргоо жерлери" категориясына кирген жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы Коргоо министрлигинин Ош турак-жай пайдалануу бөлүгүнүн жана Ош шаардык мэриясынын кызмат адамдары тарабынан баасы бир млн сомдон ашык жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендигин аныктаган.

Бул факт боюнча жооптуу кызмат адамдарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий