• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто коронавирус пандемиясына каршы күрөшкө салым кошкондор сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. Ошто коронавирус пандемиясына каршы күрөшкө салым кошкондор сыйланды, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-октябрь күнү Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов бир катар мамалекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканаларынын, жогорку жана орто окуу жайларынын жамааттарына Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин ардак грамотасын тапшырды.

Саламаттык сактоо, билим берүү жана башкаруу системасындагы кызматтардын жааматтарына ыраазычылык сөздөр айтылып, жалпысынан 10 ардак грамота берилди.

Сыйлык коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүгө жана элдин биримдигин чыңдоого кошкон салымы үчүн тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий