• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто "Крутой" аталыштагы атайын рейд жүрүп, жалпы 600 протокол түзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Ош шаарында 25-26-февраль күндөрү Ош ШИИБы боюнча Милициянын кайгуул кызматы “Крутой” аталышындагы рейд өткөрдү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Иш-чара жол-унаа кырсыктарын алдын алууга, жол эрежелерин сактоого багытталган.

Рейддин алкагында жалпы 600 протокол түзүлдү. Анын ичинен айып короого 40 унаа токтотулду. Унаанын айнектерин караңгылатуу боюнча 10 протокол, айдоочунун тиешелүү макулдашуусу жок кошумча жабдык орнотуу алгандарга төрт протокол, мас абалында унаа башкарган айдоочуларга 15 протокол, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдөн туура эмес өткөн жарандарга 25 протокол, транспорт каражаттарын, айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин бузган жарандарга 300 протокол, жол тескөөчүсүнө баш ийбеген жаранга бир протокол, тиешелүү документтери жок айдоочуларга 15 протокол, башка эрежелерди бузган айдоочуларга дагы бир канча протокол түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий