• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ошто курал жана ок-дарылар сакталган жашыруун жай табылды

Аймак 0


Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Ош шаарынын аймагында ыкчам жол менен алынган маалыматтын негизинде жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө ок атуучу куралдар менен ок-дарыларды сактаган жашыруун жайды табышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кылмыштуу топтордун бирине таандык болгон бул ок атуучу куралдар менен ок-даарылар Оштогу кароосуз калган үйдөн табылган.

«Жашыруун жай бөлмөлөрдүн биринде казылып, үстүн таштандылар менен жаап коюшкан. Тинтүү жүргүзүү учурунда капка оролгон “Калашников” үлгүсүндөгү автомат 5,45 калибрдүү октору менен кошо жана тетиктери чачылган абалдагы 16-калибрдүү сайсыз ок атуучу курал табылган»,-деп айтылат маалыматта.

Куралдарды кароо учурунда алардын номурлары өчүрүлгөнү, автоматка башка өзгөртүүлөр киргизилгени аныкталган.

Жогорудагы факты КР Жазык кодексинин 253-беренесинин 2-бөлүмү («Куралдарды, ок-даарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Иликтөө ишин ИИМдин Ош шаары боюнча Тергөө кызматы жүргүзүп жатат.

Табылып алынган куралдар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий