• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто куралдуу каракчылыкка шектелип мурда соттолгон жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу шаарында куралдуу каракчылыкка шектелип мурда соттолгон жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-декабрда саат 10:05тер чамасында “102” кызматына Кара-Суу шаарынын Нурахунов көчөсүндө куралдуу тоноочулук болуп жатканы боюнча жарандардан телефону аркылуу маалымат келип түшкөн.

Аталган маалымат Кара-Суу райондук милициясынын маалыматтардын электрондук журналына катталган.

“Нурахунов көчөсүндө куралдуу тоноочулук учурунда “Дэу-Лачетти” үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен күйүп кеткени белгилүү болгон. Кара-Суу районунун Савай айылынын 39 жаштагы К.Ж. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда Кара-Суу шаарынын Навои көчөсүндө өзүнүн "Мерседес-Бенц Спринтер" автоунаасында отурган учурда ага бейтааныш эки жаран колундагы тапанчалары менен көкүрөгүнө такашып, унаасын айдап качууга аракет кылышкандыгын билдирген”, - деп айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Нурахунов көчөсүндө өздүгү такталбаган 20-25 жаштардагы адамдардын тобу тарабынан ок атуучу курал жарактарды мыйзамсыз сактап, алып жүрүшкөндүктөрү аныкталган.

Аталган факты боюнча 13-декабрь күнү Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен иш козголуп, тергөө амалдары башталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө, мыйзамсыз ок атуучу куралдарды сактап жана алып жүргөн жарандар аныкталып, кармалган.

Алар: Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын 32 жаштагы Ш.М. аттуу тургуну адам өлтүрүү, ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо боюнча мурда эки жолу соттолгон. Экинчиси, Ош шаарынын 48 жаштагы А.У. аттуу жашоочусу. Ал мурда бир
жолу диний-экстремизм боюнча соттолгон. Үчүнчүсү, Россиянын Казань шаарынын 46 жаштагы Р.Д. аттуу жашоочу, ал мурда уурулук фактысы боюнча соттолгон.

Мындан сырткары, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлгөн. Окуя болгон жерден жогорудагы кылмышка тиешеси бар буюм заттар алынган. Алар: үлгүсү такталбаган толук күйүп кеткен бир автоунаа, бир даана автоматтык ок атуучу курал 5,45 мм калибрлүү, 58 даана ок даары, эки даана ок кутучалары менен, эки даана тапанча ок атуучу куралдары 9 мм, 24 даана ок даарысы менен, тапанча ок атуучу куралы №К-17, ок кутучасы менен далил катары алынган эки даана сары түстөгү октор жана бир даана гильза, эки даана кара түстөгү өндүрүшү белгисиз болгон рациялар, 6 даана атайын бет каптар жана бир даана калыңдатылган шым.

Бүгүнкү күндө окуя болгон жерден алынган буюмдарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, алар тарабынан жасалган кылмыштарды тактоо боюнча кечиктирилгис тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий