• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто Курман Айт күнү коомдук унаалар акысыз болот

Аймак 0

Ош, 30.08.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ошто 1-сентябрь Курман айт жана жаңы окуу жылынын башталышына карата коомдук унаалар акысыз болот. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын башчысы Талант Канатбек уулу билдирди.

Анын айтымына караганда, Ош мэри Айтмамат Кадырбаевдин демилгеси боюнча майрамга карата коомдук унааларды акысыз кылуу чечими кабыл алынган.
Ага ылайык, таңкы саат 7:00дөн кечки 21:00 чейин шаар тургундары жана коноктору каалаган жерине коомдук унаа менен акысыз жете алышат.

Ал күнү №12 жана №13 маршруту боюнча 25 автобус, №1 жана №2 линияда 15 троллейбус иштемекчи.

Пикир

Оставить комментарий