• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто курулуп жаткан 630 орундуу мектеп жаңы окуу жылына пайдаланууга берилет

Аймак 0

Ош, 28.07.18. /Кабар/. Бүгүн, 28-июлда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардагы курулуп жаткан бир нече социалдык объекттердин курулуш иштери менен таанышты.

Анын негизинде, Өзбекстан Республикасынын каржылоосу менен курулуп жаткан №18 мектеп гимназиясына кошумча 630 орундуу окуу имаратынын курулушу көрдү.

Аталган мектеп 1936-жылы курулган. Эскилиги жетип, пайдаланууга жараксыз деп табылган соң Кыргызстан менен Өзбекстан Өкмөттөр аралык макулдашуусуна ылайык, мектеп гимназиясына кошумча 630 орундуу окуу имаратынын курулушу каралган.

Учурда жаңы курулуп жаткан үч кабаттуу мектептин окуу корпусунун дубалы толук тургузулуп үстү жабылып бүткөрүлгөн. Тургузулган окуу корпусунун, спорт залдын, ашкана жана жыйындар залынын ичиндеги актап сырдоо иштери жасалып жатат. Ошондой эле, мектептин сыртындагы жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери да кызуу жүрүүдө.

Мындан сырткары мектептин ичине коюлуучу эмеректерди жана башка керектүү жабдыктарды Өзбекистандан алып келишүүдө.

Жалпы курулушта 150 жумушчу, 10го жакын техника иштеп жатат. Метепти жаңы окуу жылына пайдаланууга берүү пландалган.

Пикир

Оставить комментарий