• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто курулуш компаниясы медицина тармагын колдоо иретинде 1,5 млн сом которду

Аймак 0

Бишкек, 28.07.20. /Кабар/. "Эмаком" курулуш компаниясы коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепке 1,5 млн сом которду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө караганда, аталган компаниянын директору Мелис Жусупов буга чейин 2 бөлмөлүү батирди сатып, акчасы медицина тармагын колдоого жумшала турганын билдирген.

“Колдон келген жардамыбызды беребиз. Четте карап турбайбыз. Бул илдетти биргеликте гана жеңебиз. 2 бөлмөлүү батирдин акчасын котордук”, - деп билдирген Жусупов.

Компаниянын жетекчилигин шаар мэри Таалайбек Сарыбашов кабыл алып, ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий