• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто куруучулар сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 13.08.18. /Кабар/. Ош шаарында куруучулардын кесиптик майрамына карата сыйлоо аземи болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, тийиштүү мекеме-ишканалардын кызматкерлери, архитекторлор, куруучулар катышты.

Мэр Таалайбек Сарыбашов мамлекеттин жана шаардын экономикалык жактан өнүгүүсү курулуштан байкала тургандыгын белгилеп, куруучуларга кесиптик ишке чыгармачылык көз караш менен карап, шаардын инфраструктурасын өзгөртүүгө мындан ары да салым кошосуңар деген ишеничин билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Ош шаарынын мэриясынын буйругунун негизинде куруучулардын кесиптик майрамына карата, шаардагы курулуштарга кошкон салымы үчүн 15ге жакын куруучуларды жана курулуш тармагын тейлеген мекеме-ишканалардын кызматкерлерин ардак грамота менен сыйлады.

Ошондой эле, Ош шаардык кеңешинин төрагасы да куттуктоо сөзүн айтып, алдыңкы куруучуларга ардак грамота тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий