• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто куруучулардын кесиптик майрамы белгиленди

Аймак 0

БИШКЕК, 11.08.17 /Кабар/. Бүгүн, 11-августта Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын куруучулар күнү салтанаттуу түрдө белгиленди. Ага Ош шаарынын вице-мэри Шакир Зулимов тийиштүү мекеме-ишканалардын кызматкерлери, архитекторлор, куруучулар катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Вице-мэр куруучу сыймыктуу жана өтө жоопкерчиликтүү кесип экенин билдирип, шаардын инфраструктурасын жакшыртуудагы куруучулардын салымын баса белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин буйругуна ылайык, куруучулардын кесиптик майрамына карата, Ош шаарынын инфраструктурасынын өнүгүүсүнө кошкон барандуу салымы жана курулуш тармагындагы ак ниет эмгеги үчүн 10дон ашуун куруучуларга жана курулуш тармагын тейлеген мекеме-ишканалардын кызматкерлерине Ардак грамоталар, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий