• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто куткаруучулар мектеп окуучуларына сабак өтүштү

Аймак 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Ошто куткаруучулар мектеп окуучуларына сабак өтүштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары тарабынан Ош шаарында жайгашкан Нышанов атындагы №50 мектеп гимназиясына, А.Алиев атындагы №30 орто мектебине жана Курманжан Датка атындагы №31 орто мектебине барып, өзгөчө кырдаалдын түрлөрү, өрт коопсуздугу, жолдо жүрүү коопсуздук эрежелери, кырсыктын алдын алуу жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча окуучуларга сабак өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий