• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто куткаруучулар үңкүргө чыгып, түшө албай калгандарды куткарды

Аймак 0

Бишкек, 06.01.22. /Кабар/. Ош облусунун Араван районунда куткаруучулар үңкүргө чыгып, кайра түшө албай калгандарды куткарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-январ саат 20:53дө Ош облусунун Араван районуна караштуу А.Анаров айыл аймагындагы Чил-Устун үңкүрүнө ( 1100м бийиктикте жайгашкан) 4 эркек киши чыгып, кайра түшө албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине куткаруучулар барган учурда, 3 адам (1993-жылы туулган Т. уулу К., А.Р. жана А.О.) өз алдынча түшүп, ал эми (1993-жылы туулган Т. уулу Н.) аттуу жаран үңкүрдөн чыга албай калган.

Аталган жаранды куткаруучулар коопсуз жайга алып түшүрүшүп, туугандарына өткөрүп беришкен. Учурда абалы туруктуу.

Жерине КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 9 куткаруучу жана Араван райондук №64 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий