• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто куткаруучулар суудан чет өлкөлүк студенттин сөөгүн алып чыгышты

Кырсык 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Куткаруучулар сууга агып кеткен адамдын сөөгүн чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2020-жылдын 29-май күнү эрте менен саат 6:00дө КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын "Куткаруу кызматына" "112" кызматынан "Яккалик" каналына бир жарандын түшүп кеткендиги тууралуу кабар түшкөн.

Куткаруу кызматынын 10 куткаруучусу издөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада сууга түшүп кеткен адамдын сөөгүн "Ош ПВЭС" ишканасынын тушундагы каналдан таап чыгышып милиция кызматкерлерине өткөзүп беришти.

Каза болгон адамдын өздүгү аныкталды. Ал 2000-жылы туулган, Индия өлкөсүнүн жараны болуп чыкты. Учурда Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде 3-курста окуп жаткан.

Пикир

Оставить комментарий