• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто куткаруучулар өз жанын кыюуга аракет кылган аялды сактап калды

Коом 0


Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. Ош шаарында куткаруучулар өз жанын кыюуга каракет кылган аялды сактап калышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ӨКМге Ош шаарынын Джим көчөсү №1 дарегинде жайгашкан 12 кабаттуу үйдүн 9-кабатынан 1986-жылы туулган Т.Н. аттуу аял өз жанын кыйуу үчүн секирем деп аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя катталган жерге ӨКМдин 4 кызматкери барып, аялды алып түшүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Куткаруучулар тез жардам кызматына өткөрүп берүү учурундагы тартылган тасмадан баласын кайтарып берүүсүн айтып жатканын угууга болот.

Пикир

Оставить комментарий