• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Ош, 24.08.17 /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош облусунун Нариман айылында милиция кызматкерлери 2 граната менен бир адамды колго түшүрүштү.

Ош облусунун ИИБнин басма сөз кызматынын берген маалыматына ылайык, 2017-жылдын 22-августунда атайын жүргүзүлгөн иш чаранын жүрүшүндө Өзгөн районунун 1983-жылы туулган А.У аттуу жараны кармалган.

Кармалган адамдын колунда 2 аскердик граната бар болгон ( 1 даана РГД-5 жана 1 даана Ф-1).

Кийинчерээк маалым болгондой, кармалган жараан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий