• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто кыргыз боксунун 90 жылдыгы белгиленди

Аймак 0

Ош, 20.02.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаардык бокс жана оор атлетика спорт мектебинин залында Кыргыз боксунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы белгиленди. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык бокс Федерациясынын президенти Медетбек Маметов, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин кызматкерлери, спорт ардагерлери жана спортчулар катышты.

Шаар мэри Кыргыз боксунун өнүгүшүнө салым кошкон спорт ардагерлерин жана спортчуларды куттуктап сөз сүйлөдү.

“Мамлекетибизде ошол эле мезгилде шаарыбызда спортко , айрыкча спорт менен машыккан жаштарга, өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгы баарыбызга маалым. Кыргызстандын эртеңки күнүдени сак, бакубат, сергек жаштарыбыздын колунда экендигине басым жасалып, жаштарыбыздын спортко болгон кызыгуусун арттырууга кам көрүлүп жана кыргыз спортун өнүктүрүү боюнча демилге жалпы коомчулук тарабынан колдоого алынып келүүдө. Акыркы 4 жылда Ош шаарында 4 спорт зал пайдаланууга берилди. Анын ичинен жаңы курулган 3 мектептин спорт залын айтсак болот. Бүгүнкү күндө, шаардын аймагында 5 спорттук мектепте, 36 спорттук залда спорттун 21 түрүнөн машыгуулар өткөрүлүүдө.

Учурда СССРдин жана Кыргыз Республикасынын бокс боюнча чеберлеринин саны 111ди түзөт жана спорттун чеберлигине 55тен ашуун талапкер даярдалган. Келечекте кыргыз спорту дүйнөлүк аренада татыктуу ордун таап, баш байгелерди алып, спорттун бардык түрлөрүнөн Кыргызстанды дүйнөгө тааныта турган мекенчилдик сезими курч спортчуларды жана спорттун чеберлерин даярдоо, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү биздин милдетибиз деп эсептейм”,-деди А.Кадырбаев.

Иш- чаранын жүрүшүндө Айтмамат Кадырбаев Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, спортту, анын ичинде боксту өнүктүрүүгө кошкон бараандуу салымы жана шаардын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн бир катар спортчуларга Ош шаарынын мэриясынынАрдак грамотасын тапшырды.

Ошондой эле, Ош шаарында спортту, анын ичинде боксту өнүктүрүүгө, спорт чеберлерин даярдоого кошкон салымы жана дени сак келечек муунду тарбиялоо жаатында жигердүү, ак ниет эмгеги үчүн бокс боюнча калыстарга, машыктуруучуларга мэриянын Алкыш баракчаларын ыйгарды.

Пикир

Оставить комментарий