• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто кыргыз милициясынын 93 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 01.11.17./Кабар/. Бүгүн, 1-ноябрда Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз милициясынын 93 жылдыгы белгиленип, Ош шаарындагы ички иштер башкармалыгынын өздүк курамынын айрым кызматкерлери жана ардагерлери сыйланды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу аземге Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Бактыбек Каналиев, Ош шаардык ички иштер башкармалыгын башчысы Кылычбек Жолдошев, Ош шаарынын прокурору Айгүл Момбекова жана башка мекеме-ишканалардын жетекчилер келип катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Алгач шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев сөз сүйлөп, жалпы милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Ошондой эле, Ош шаарынын мэриясы да колдоого даяр экендигин кошумчалады.

“Кыргыз милициясы өзүнүн 93 жылдык тарыхында чоң сыноолорду башынан өткөрүп, мезгил шары менен кошо кадам таштап, өз милдетин абийирдүүлүк менен аткарып келе жаткандыгы баарыбызга белгилүү. Ош шаарынын мэриясы ички иштер башкармалыгын колдоого дайым даяр. Учурда 26 милиционер жеңилдетилген тартип менен ипотекалык негизде батир алды. Мындан тышкары 2014-жылы 1млн.700 миң сом каражат, 2 автобус бөлүнүп, 2015-жылы 696 миң сом тапшырылган. Ал эми өткөн жылы башкармалыктын оңдоп-түзөө иштерине 5,5 млн сомдук колдоо көрсөтүлгөн. Албетте бул жетишси, бирок колдоо, жардам берүү мындан ары да туруктуу улантылат”, - деди А.Кадырбаев.

Аземдин жүрүшүндө элге кылган кызматы, күжүрмөндүгү менен айрымаланган алдынкы милиция кызматкерлерине Ош шаарынын мэриясынын, шаардык кеңештин, ички иштер башкармалыгын, прокуратуранын ардак грамоталары, баалуу белектери жана акчалай сыйлыкттары тапшырылды.

Белгилей кетсек, кыргыз милициясы 1924-жылдын 1-ноябрында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунда милиция кызматкерлери өз ишмердигин баштаган. Ошол мезгилден берки 93 жыл ичинде кыргыз милициясы мамлекеттик структуранын эң ишенимдүү түзүмү болуп калды.

Пикир

Оставить комментарий