• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто кыргыз тилдин талабына жооп бербеген жарнактарга текшерүү жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 06.12.18 /Кабар/. Ошто кыргыз тилдин талабына жооп бербеген көрнөк-жарнактарга текшерүү жүрүүдө. Бул тууралуу шаардын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ош мэриясынын алдында түзүлгөн мамлекеттик тил комиссиясы, шаардын аймагындагы жарнактардын мыйзамга туура келүүсү боюнча Курманжан Датка жана Ленин көчөлөрүн текшерүүдөн өткөрдү.

Текшерүү учурунда мамлекеттик тилдин талаптарына жооп бербеген жарнактардын ээлерине бир жумалык мөөнөт менен эскертүүлөр берилди.

Андан тышкары, жарнактар бир жуманын ичинде тил мыйзамынын талаптарына ылайык оңдолбосо, жарнактар алынып салынат.

Текшерүүлөр мындан ары шаардын башка көчөлөрүндө уланат.

Пикир

Оставить комментарий