• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто кыргыз тилинин нормаларына жооп бербеген жарнамалар алынууда - фото

Аймак 0

Бишкек. 20.03.19 /Кабар/. Ош шаарында соода түйүндөрдүн, кафе, ресторандардын, дүкөндөрдүн жана сулуулук салондордун сырткы көрүнүшүн жана айланасындагы жарнамаларды ирээтке келтирүү боюнча текшерүүлөр уланууда. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирет.

Мэр Таалайбек Сарыбашовдун тапшырмасына ылайык, Оштун Курманжан датка көчөсүндө Навои көчөсүнөн тартып 8-март көчөсүнө чейин сырткы жарнак жайгаштыруу жана мамлекеттик тил нормаларына жооп бербеген жарнамаларды, тротуардагы баш аламан соода сатыктарды муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан алып салуу иштери жүргүзүлдү.

Анын негизинде 31ден ашуун чатырдагы жана дубалдагы жарнамалар, жөө жүрүүчүлөргө тоскоол кылган 6 даана штендер, 7 даана такси кызматтардын тактайчалары, 2 орнотмо жарнак конструкциясы, 5 даана ар кандай курулуш товарларын коюуучу текчелер жыйналып алынып салынды.

Ошондой эле, жарнама ээлерине жарнак жайгаштыруу тартиби жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий