• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто кыргыз-өзбек достугуна арналган концерттик программа өттү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14-июнь /Кабар/. Ош шаарындагы “Амир-Темир” жаңы конушунда кыргыз өзбек достугуна арналган концерттик программа болуп өттү. Иш чара кыргыз-өзбек артисттеринин катышуусунда Шевченко атындагы мектепте өттү.

Эки элдин достугуна арналган концерттик программаны жергиликтүү ишкер Дильмурад Ишанов мэрия жана шаардык кеңеш менен биргеликте уюштурган.

Ишановдун демилгеси менен, “Мукими” атындагы музыкалык театрдын артисттери 7-июнда Ош шаарына гастролго келишкен. Алар облустун тургундарына "Шаңдуу келин" аттуу спектаклди бекер тартуулашууда.

Акыркы жылдары солгундап кеткен кыргыз-өзбек мамилеси 2016-жылдын күз айларынан бери жакшырууда.

Булагы: CA-NEWS

Пикир

Оставить комментарий