• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто Кыргызстан менен Өзбекстандын эксперттеринин сүйлөшүүлөрү өттү

Коом 0

Ташкент, 05.09.17 /Толонбай Курбанов – Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын эксперттик топтору 2-3-сентябрда Ош шаарында кезектеги жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу Өзбекстандын ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөр эки жактын өкмөттөр аралык комиссиясынын келишиминин алкагында соода-экономикалык кызматташууну активдештирүү максатында өттү.

Эки өлкөнүн делегациялары Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы жарандардын өз ара катташуулары тууралуу Келишимдин ишке ашырылышын талкуулашты. Тараптар айрым чек ара өткөрмө пункттарын ачуу маселесин карашты.

Жолугушуу достук маанайда жана конструктивдүү негизде өтүп, Протоколго кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий