• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто Кыргызстан менен Өзбекстандын маданият өкүлдөрүнүн катышуусунда спорттук иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 06.05.22. /Кабар/. Ош шаарынын борбордук стадионунда Кыргызстан менен Өзбекстандын маданият өкүлдөрүнүн катышуусунда “Футбол шоу” майрамдык кечеси болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын ачылыш аземине Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, эки республиканын маданият, искусство ишмерлери жана куудулдар катышты.

Концерттик программанын алкагында маданият өкүлдөрү футбол боюнча достук турнирин өткөрүп, майрамдык концерттик программа да тартууланды.

Иш-чара эки боордош элдин ортосундагы эки тараптуу байланыштарды жана мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган. Мындай иш-чара Ош шаарында биринчи жолу өтүп жатат жана аны салтка айландыруу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий