• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто Кыргызстан жана Өзбекстан Чектеш облус жетекчилер кеңешинин экинчи жыйыны өттү - сүрөт

Өкмөт 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Ош шаарында өткөн (Кыргыз Республикасы) Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облус жетекчилер Кеңешинин экинчи жыйынына катышышты.

Чектеш облус жетекчилер Кеңешинин экинчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча жыйынтык протоколго жана соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу боюнча жол картасына кол коюлду.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев жана Абдулла Арипов Ош шаарындагы Алишер Навои атындагы орто мектепке жана «Сулайман-Тоо» тарыхый-археологиялык музейине барышты.

Пикир

Оставить комментарий