• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто Кыргызстан менен Өзбекстан ИИМинин өкүлдөрү жолукту

Коом 0

Бишкек, 24.06.21. /Кабар/. Ош шаарында Кыргызстандын жана Өзбекстандын ИИМдин чек арага чектеш аймактарындагы башкармалыктары менен бөлүмдөрүнүн жетекчилери жолукту.

КР ИИМден билдиришкендей, 24-июнда Ош шаарында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун жетекчилиги алдында чек арага чектеш аймактардагы ички иштер органдарынын жетекчилери менен Өзбекстандын ички иштер министринин орун басары Бекмурод Абдуллаевдин жетекчилиги алдындагы өзбек делегациясынын кыргыз-өзбек ведомстволор аралык координациялык жумушчу тобунун кезектеги отуруму өттү.

Отурумда жалпы кылмыштуулук жана анын алдын алуу иш-чараларын уюштуруу, экстремизм жана терроризм, адамдарды сатуу менен күрөшүү, кылмышкерлерди издөө ишмердүүлүгү, баңгизатты, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү, андан сырткары чек арага байланышкан коопсуздук маселелери талкууланды.

Кезектеги отурумда тараптар эки министрликтин ортосундагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүү боюнча так багыттарды аныкташты.

Отурумдун ишинин жыйынтыгы менен өз ара кызматташуу протоколуна жана 2021-2022-жылдарга карата КР менен ӨР чек арага чектеш ички иштер органдарынын бирдиктүү ыкчам алдын алуу иш-чараларынын планына кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий