• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто Кытайдын Фошань шаарындагы 33 ишкананын өндүрүмдөрүнүн көргөзмөсү өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 13.12.19. /Кабар/. Ош шаарынын "Таатан" соода борборунда Кытайдын Фошань шаарындагы 33 ишкананын өндүрүмдөрүнүн көргөзмөсү өтүүдө.

Көргөзмөнүн ачылышына Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, Фошань шаарынын вице-мэри Цяо Юй баштаган кытайлык делегация, жергиликтүү органдардын башчылары, жергиликтүү жана чет элдик ишкерлер катышууда.

Иш-чара 22-декабрга чейин уланат.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарында 13-июнда өткөн ШКУ саммитинде Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Кытай өлкөсүнүн үч шаары менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий