• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто кыз-келиндер арасында волейбол боюнча мелдеш өттү. Жеңүүчүлөрдү тизмеси

Аймак 0

Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. Ош шаарында 6-7-март күндөрү Аялдардын эл аралык күнүнө карата кыз-келиндер командалары арасында волейбол боюнча мелдеш болуп өттү.

Турнирге 30 команда катышты. Анын катышуучулары үч профессионалдык топко бөлүнүштү. Жогорку жана орто атайын окуу жайларынын командаларынын арасында төмөнкүлөр жеңүүчү деп табылды:

1-орун - ОшМУнун командасы;
2-орун - ОшТУнун командасы;
3-орун - ОшТУ-2 командасы.

Студенттик командалардын арасында алдыга суурулуп чыккандар:

1-орун - ОшМУнун командасы;
2-орун - ОшТУнун командасы;
3-орун - №1 өспүрүмдөр спорт мектебинин командасы.

Шаардык мекеме-уюмдардын командаларынын ичинен төмөндөгүлөр женишке жетти:

1-орун - “Орифлейм” командасы;
2-орун - Ош шаардык ИИБ командасы;
3-орун - “Элхан” командасы.

Турнирдин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин Ардак грамоталары, дипломдору, кубоктору, баалуу сыйлыктары менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий