• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто кыздар арасында футбол фестивалы өттү

Спорт 0

Бишкек, 02.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Ош шаарында 29-сентябрда “FIFA Live your goals” футбол фестивалы өттү. Иш-чарага шаардагы жалпы билим берүү мектептеринен 8-12 жашка чейинки 250 жакын кыз катышты. Бул тууралуу КР футбол федерациясынан кабарлашты.

“Бардык катышуучулар ыраазы болушуп, жакшы маанайда калышты. Кыздар FIFA атайын футболкаларын белекке алышты”,-деп билдиришти федерациядан.

КР футбол федерациясы жана FIFA тарабынан өткөрүлгөн иш-чаранын башкы максаты кыздар арасындагы футболду өнүктүрүү жана дени сак жашоого үндөө болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий