• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто кызганычтан улам боюнда бар аялынын өмүрүн кыйган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.10.20. /Кабар/. Ош шаарында кызганычтан улам боюнда бар аялынын өмүрүн кыйган 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн алгачкы жүрүшүндө маалым болгондой, кылмышка шектүү жаран 22-октябрда саат 13:00дөр чамасында Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде аялына жана кайын энесине кол салган. Аялы окуя болгон жерде каза болуп, кайненеси оор абалда ооруканага жеткирилген. Маркум келин 29 жашта болгон.

Күбөлөрдүн айтымына караганда, кош бойлуу аял көз жаруу алдында болгон. Шектүүнүн берген алгачкы көрсөтмөсүнө караганда, анын мындай оор кылмышка баруусунун себеби кызганыч болгон.

Учурда маалыматтар дагы текшерилүүдө.

Аталган факты боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, окуяны ар тараптуу иликтөө иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий