• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто лейтенант жетекчиликтин басмырлоосунан соң өзүн өлтүрүүгө аракет жасаган: Прокуратура текшерүүсүн баштады

Коом 0

Бишкек, 29.10.18. /Кабар/. Ош облусунун аскердик бөлүктөрүнүн бириндеги улук лейтенант жетекчиликтин басымынан улам өзүн өзү өлтүрүүгө аракет жасаган.Аскердик прокуратура бул билдирүү боюнча текшерүүнү баштады. Аталган маалыматты “Кабар” агенттигине Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан тастыкташты.

“Арыз фактысы чындыгында катталды. Азыр бул боюнча текшерүү жүрүп жатат”, - деп билдиришти көзөмөлдөөчү органдан.

Буга чейин ЖМКларда жарыяланган маалыматтарга ылайык, 27-октябрда Аскер прокуратурасына моралдык-психологиялык жактан басмырлоого кабылган Ы.А. аттуу улук лейтенант Э.Т аттуу полковниктин кызматтык абалынын аша чабуусу жөнүндө арыз менен кайрылган.

“Э.Т. аттуу полковник 22-октябрда Ы.А. аттуу улук лейтенантты кабинетине чакырган. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө командир тарабынан жаш офицерге катуу басмырлоо көрсөтүлгөн. Жыйынтыгында командир офицердин каршы болгонуна карабай ага Ш.М. аттуу майорго каршы түшүнүк кат жаздырган”, - деп айтылат маалыматта.

Лейтенант өз арызында моралдык басымдан жана өзүнүн командирине калп көрсөтмө бергенинен улам өз өмүрүн кыюуга жакындап калганын айткан.

Учурда жогорудагы фактылар боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан иликтөөлөр жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий